Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен жөө жүргүнчүлөр үчүн жашыл аймакты жана веложолдорду  куруу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Биз кичинеден, санитардык нормаларды сактоо менен тротуар жана веложолдорду курууну улантып жатабыз. Жөө жүргүнчүлөр үчүн жашыл аймакты куруу жана көрктөндүрүү иштерин “Бишкекасфальтсервис”, “Бишкексвет”, “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканалары жүргүзүп жатат, ал эми долбоорду “Бишкекбашкыархитектура” ишканасы даярдады.

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы шаардын түштүк бөлүгүндөгү айланма веложолду жыйынтыктады. Ага “П” түрүндөгү веложол түндүк бөлүгү – А.Токомбаев көчөсүнө чейин узартылган  Манас, Чүй проспектилери жана Абдрахманов (Байтик баатыр) көчөсү кирет. Эми  түндүк жана түштүк бөлүгүн бириктирген эки объекти бир чоң айланма тармагын түзөт.

“П” түрүндөгү веложол жана тротуардын курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Учурда иштердин көп бөлүгү бүткөрүлдү. Манас, Чүй проспектиси боюнча жөө жүргүнчүлөр үчүн аймак даяр болду. Абдрахманов көчөсү Чүй проспектисинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейин иштер бүткөрүлүп, учурда Лев Толстой көчөсүнөн түштүк багытка карай курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Дэн Сяопин проспектиси Алыкулов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин узундугу 4,4 км веложол курулуп жатат. Фучик жана Каракум көчөлөрүндөгү бөлүгүндө асфальт төшөө үчүн даярдыктар көрүлүүдө.

Кийиник жумадан тартып “Жал” кичи районунда  Ахунбаев көчөсү А.Масалиев көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү, Ахунбаев көчөсүнүн Тыналиев көчөсүнөн Тынчтык проспектисине чейинки бөлүгүндө “Г” түрүндөгү веложолдун курулушу башталат. Жалпы узундугу 2,2 км.

Жакында шаардын экологиясын жана ден соолугуңузду сактоо менен велесипед менен жүрө аласыздар. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!