Пандемия. Согуш. Салгылашуу. Жакындардан айрылган күйүт. Бүт дүйнө, биздин өлкө, биздин борбор шаар көзгө көрүнбөгөн таажы тумоо менен күрөшүп жатат.

Оорудан адамдар, сүйүктүүлөрүбүз каза болуп, жалпы ааламыбыз болгон  эне-ата, чоң эне, чоң ата, байке-карындаш, кыз-уул, дарыгерлер, мугалимдер көз жумуп жатат…

Урматтуу шаар тургундары! 29-августта Бишкек шаарынын мэриясы COVID-19 жана башка оорулардан каза болгондордун жаркын элесине арналган "Эскерүү шамы" флешмобун  өткөрөт. Келгиле, бардык каза болгондорду эскерели.  Саат  туура 21:30 да  үйлөрүбүздөгү жарыктарды өчүрүп, терезелерди ачып, шамдарды күйгүзөлү жана каза болгондорду үнсүз эскерели.

Чүй проспектиси (Бейшеналиева көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин), Ч.Айтматов проспектиси, Б.Баатыр, И.Ахунбаев, Киев көчөлөрү (Бейшеналиева көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин) бир нече мүнөткө тышкы жарыктандыруу өчүрүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Бул илдет ар бир үйгө,  ар бир үй- бүлөгө кирди. Эскерүү шамы  оорунун  айынан жоготкон жакындарыбыз үчүн жансын. Өтүнүч, терезеңерге  шам күйгүзгүлө, ал жарык эскерүү менен үмүттүн, келе жаткан жакшылыктын, ден соолуктун башаты болсун!

Бишкек шаарынын мэриясы ковид-19 жана пневмания оорусунан каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!