Бизге троллейбустун айдоочусу кечки саат алтылар чамасында Юнусалиев көчөсүндө Медеров көчөсү менен Ахунбаев көчөлөрүнүн аралыгында катуу айдап, жол эрежесин бузгандыгы, авариялык кырдаал жараткандыгы боюнча кайрылуу келип түшкөн.

Троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери иликтөө жүргүзүшүп,  борт номери 1509  №17 троллейбустун айдоочусу С.Кожоев экендигин аныкташты.

Бузуучуга жол кыймылынын эрежесин катуу сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,  аталган иш административдик айып төлөө үчүн Патрулдук милициянын башкы башкармалыгына жөнөтүлдү.

Шаардык троллейбус башкармалыгы айдоочулардан жана шаардыктардан кечирим сурайт.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!