Октябрь районунун жаңы акими Азамат Дороев тургундардын кызматында.

Райондун башчысы коммуналдык кызматтардын кызматкерлери менен биргеликте №4 кичи районунда көрктөндүрүү жана санитардык тазалык боюнча көчмө жыйын өткөрдү. №14 үйүндө ирригациялык түйүндөрдү алмаштыруу пландалууда. Азыркы учурда арыктар алынып келинди.  Жакында  орнотуу иштери башталат.

Жыйындын жүрүшүндө №22а үйүнүн тургуну Юрий Романенко шаар жашоосуна жигердүү катышып, үйдүн айланасын гүлдөтүп, көрктөндүрүп жаткандыгы маалым болду. Аким аталган тургунга ыраазычылык билдирди.

Октябрь районунун акими «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен №6 кичи районундагы Сухэ-Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишине салына турган гүл бакчанын долбоорун талкуулашты.

Шаардык архитекторлор жана сүрөтчүлөр гүл бакчанын эскизин иштеп чыгышкан. Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгына долбоорлонгон аймактагы объектилерди алуу, акимиатка- башаламан соода-сатыкты жоюу тапшырылды.

Бул учурда райондук администрациянын адистери Мамэкотехинспекциянын, ӨКМ жана МАБ кызматкерлери менен биргеликте тез тамактануу жайларынын өрт коопсуздугун жана санитардык нормаларын текшеришти.

Окуу жылы жакындады. Азамат Дороев жалпы билим берүү мекемелеринин кышка даярдыгын текшерди. Учурда А.С.Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназиясынын актовый залы оңдолуп, жылыткычтары алмаштырылууда. Ондоо иштери 1-сентябрга чейин бүткөрүлөт.

Белгилей кетсек, райондун аймагында 38 бала бакча жана 20 мектеп иштеп, анда жалпысынан 1 миң 308 мугалим эмгектенет.

Урматтуу шаардыктар! Бардык көйгөйлөр боюнча күнү-түнү муниципалитеттин колл-борборуна 1840 жана 1850 номерлерине кайрылсаңыздар болот, ал эми көйгөйлөрдү сүрөттөрү жана видеолору менен 0554 182185 номерине жибериңиздер.

Ошондой эле, биздин социалдык тармактарда баракчаларыбыз кайрылууларды кабыл алат. Биз дайыма байланыштабыз!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!