Шаар 2020-2021-жылдарга күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды көрүү боюнча комплекстүү иштерди улантууда. Принцип бир жана түшүнүктүү: бардыгы суукка даяр болушу керек.

Шаардык мэрия жыл сайын шаар тургундарын колдоп келет. Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан 3 миң 401 аз камсыздалган үй-бүлөгө көмүр сатып алуу үчүн акчалай компенсация төлөө каралган.

Жардам үчүн шаардык бюджеттен 21,5 миллион сом каралган. Акчалай компенсация 5 миң 700 сомду түзүп, бир үйб-бүлөгө 1,5 тонна көмүргө эсептелген. Жалгыз бой пенсионерлерге жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге көмүрдү үйлөрүнө жеткирүү үчүн шаардын ичинде-500 сом, жаңы конуштарга -700 сомдон кошумча каражат берилет.

Учурда акчалай жардам бериле баштады. Август айынын башында жергиликтүү бюджеттен 19 миллион сом (88,1%) каражат бөлүнгөн, анын ичинен 777  үй-бүлөгө жалпыс суммасы 10 миллион сом төлөнүп берилди.

Төлөмдөр почта бөлүмдөрү жана банктар аркылуу жүргүзүлөт.

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынан 733  үй-бүлөгө 1,100м3 отун таратуу каралган.

Отун таратуу иштери башталган жана райондордун графигине ылайык жүргүзүлөт:

Свердлов району:  3 -10 август;
Биринчи май району: 10 -17 август;
Ленин району: 17 -24 август;
Октябрь району: 24 - 31 август.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!