Бизге Ялтинский көчөсүндө кичи автобустун алдынан жер чөгүп, авто жабыркагандыгы боюнча кайрылуу келип түшкөн.

Свердлов районунун акими Мурат Осмоновдун тапшырмасы менен кырсык болгон жерге комиссия барды.

Санитардык-экологиялык инспекциясынын иликтөөсүнүн жүрүшүндө 2010-жылы Ялтинский көчөсүндө канализациялык түйүндөрүн төшөө иштерин «Үч-Кудук компаниясы жүргүзгөндүгү жана ал долбоор «Бишкексууканал» башкармалыгы менен макулдашылгандыгы аныкталды.

Түйүндөрдү төшөө иштери жыйынтыкталган, бөдрөтчү дайынсыз кетип, байланышка чыкпагандыктан кабыл алуу болгон эмес. Бирок ал сөзсүз табылат.

Ошондой эле, «Бишкексууканал» башкармалыгынын адистери текшергенден кийин аталган канализациялык түйүнгө таштандылар толуп кеткендиги аныкталды. Бул көчөнүн жашоочулары жолду оңдогон  жооптуу адамдар келгенге чейин  чуңкурду убактылуу бүтөп турушат.

Свердлов райондук администрациясы жоопкерчиликсиз компанияны жоопко тартуу боюнча шаардык прокуратурага арыз калтырышат.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч! Суу түтүктөрүн жана канализацияны колдонуу эрежелерин сактооңуздарды өтүнөбүз.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!