Пандемия биздин жашообуздагы бардык тармактарды аксатты. Тилекке каршы,  эртеңки күнгө пландоо жана 100% ишеним көрсөтүү кыйын болуп калды. Бирок, буга карабастан шаарды көрктөндүрүү жана инфраструктураны жакшыртуу иштери улантылууда. Шаардык кызматтардын кызматкерлери санитардык талаптарды сактоо менен жолдорду капиталдык оңдоодон өткөрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Чокморов көчөсүнүн Турусбеков көчөсүнөн Свердлов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери калыбына келтирилди. Аталган объектиде «ЧуПрокси» бөдрөтчү курулуш компаниясы иштеп жатат. Бул жерде тротуарлары менен жаңы асфальт төшөлөт.  Иштер компаниянын директору Исраилов М.Ждин пневманиядан көз жумгандыгына байланыштуу убактылуу токтотулган.  Биз Исраилов М.Ждин үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз…

Урматтуу шаардыктар! Биз сиздерден иштерди кичине кечиктирип жатканыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Тилекке каршы, бөдрөтчүлөр дагы ооруп калып жатышат жана алар сакаяры менен оңдоо иштерине киришишет. Башталган иш аягына чыгарылат.

Эскерте кетсек, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан жалпы узундугу 5435,5 погондук метрди түзгөн 13 көчөдө оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Оорубаңыздар, эртерээк сакайып кетиңиздер! Сураныч! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!