Жакшы жаңылык! Биз «Кара-Жыгач» жаңы конушундагы Торугарт, Бегматов көчөлөрүндө Кара-Жыгач көчөсүнөн Субан-Ата көчөсүнө чейин 40 түркүктү жана электр өткөрүүчү линияларын орнотуу иштерин жыйынтыктадык.

Мурда бул көчөлөр коңшу көчөлөрдүн энергиясы менен камсыз болушчу.

Түйүндүн узундугу 607 метрди түзүп, 46 үй негизги электр линияларына туташтырылды.

Оңдоо иштери жыйынтыкталгандан кийин, объект Чыгыш РЭСтин пайдалануучу уюмунун балансына өткөрүлүп берилет.

Куруу-монтаж иштерин мэриянын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын тапшырыгы менен «Бишкекэлектро» бөдрөтчү компаниясы жүргүзүүдө.

Курулуш иштеринин наркы 1 миллион 81 миң 425 сомду түздү. Каражат шаардык бюджеттен каралган.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!