1-сентябрь ар бир бала, ата-эне жана мугалимдер үчүн толкунданган күн. Жыл сайын жаңы окуу жылына даярданабыз. Бул жылы пандемия билим берүү тармагына өзгөртүүлөрдү киргизди. Окутуунун форматынын белгисиздигине карабастан, биз окуу жылына даярдыктарды көрүп жатабыз.

5-августтан 25-августка чейин бардык жалпы билим берүү мекемелеринде «Санарип мугалим» онлайн-вебинарлары өткөрүлөт. Биз мугалимдер менен интернет аркылуу сабак берүү ыкмасын, жетишкендиктерин баалоо, балдар менен иштөө, окуучулар жана мугалимдер арасында психологиялык кризистен жаратпоо жана башка маселелерди талкуулап жатабыз.

Онлайн сабактарды КРнын Илим жана билим берүү министрлигинин адистери эки этапта өткөрүп жатышат:

1-этап (5-16 –август) - жетекчилер үчүн.

2-этап (17-25 –август) - жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн.

Урматтуу ата-энелер, балдар жана мугалимдер! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Оорубаңыздар! Жакында жаңы билим үчүн мектепке келесиздер!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!