Бишкек шаарынын мэриясы шаардын мүлктөрүн эч кимге ээлик кылдырбоо үчүн жер тилкелерин, соцмекемелердин объектилерин кайтаруу жана объектилерди каттоо иштерин жүргүзүүдө. Жалпы билим берүү мекемелери өзгөчө көзөмөлдө.

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын каттоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, 109 мектептин ичинен 93 мектепке жер тилкелерин мөөнөтсүз пайдалануу мамлекеттик актылары түзүлдү, ал эми 87 бала бакчанын 60 бала бакчасы жоболоштурулду. 17 токтомдун долбоору макулдашууда.

Инвентаризация өткөрүүнүн жүрүшүндө жумушчу комиссия бир нече бузууларды аныктады:

-Свердлов районунун 29 мектебинен 5 бузуу аныкталды;

-Биринчи май районунун 23 мектебинен 2 бузуу;

-Ленин районунун 33 мектебинен 7 бузуу;

Октябрь районунун 24 мектебинен 2 бузуу аныкталды.

Бала бакчалар боюнча:

Свердлов, Ленин жана Октябрь райондорунун бала бакчаларында бузуулар катталган жок, Биринчи май районунда бир бузуу катталды.

Бардык аныкталган «басып алуу» фактылары боюнча материалдар Жер ресурстар жана Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыктарына четтетүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!