Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы санитардык талаптарды бузгандар менен күрөшүүнү улантууда. Өлкөдө, шаарда абал курч бойдон калууда. Тилекке каршы, айрым ишкерлер азыркыга чейин сактык эрежесин сактабай, адамдардын өмүрүн тобоокелге салып жатат.

Жакында Дэн Сяопин көчөсүндө жайгашкан «Нур-Суфра» тойканасынын администрациясы «куран окутуу» иш-чарасын өткөрүп жаткан жеринен кармалышты. Албетте санитардык нормалар сакталбай, эл көп чогулган.

СЭИ инспекторлору Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүп, 2 категориядагы айып пул салды.

Дем алыш күндөрү ушундай бузуулар «Улуу-Тоо» чайханасында, "Главпивтрест" кафесинде, компьютердик жана бильярд клубдарында аныкталды.

10 күндүн ичинде 80 миң сомго 20 протокол түзүлдү.

Санитардык рейддер дагы улантылууда.

Урматтуу ишкерлер! Санитардык талаптарды сактаңыздар!   Бул вирус менен күрөшүүнүн жалгыз жолу! Адам өмүрү менен ойнобоңуздар!

Мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясы дайым байланышта: 0 705 564 756.

Биринчи май району: 0555 404 818;

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0 500 210 470;

Ленин району: 0500 085 580.

Бишкек – сүйүктүү шаарым!