Шаардык мэрия санитардык нормаларды бузгандар менен күрөшүүнү улантууда.

Шаардык транспорт башкармалыгынын, Бишкек троллейбус башкармалыгынын жана автобус токтотуу ишканасынын адистери Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери, КРнын Транспорт жана жол министрлигине караштуу транспорт инспекциясы  менен биргеликте күн сайын коомдук транспорттун ичтерин текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Унаалардын ичинде санитайзерлер коюлуп, санитардык тазалык жана аралык сакталышы керек.

Чектөө киргизилгенден бери, 1-июндан тартып 2 миң 632 маршрут, автобус жана троллейбус текшерилди. Анын ичинен 217 унаага санитардык талаптарды сактабагандыгы үчүн 370 миң 500 сом айып пул салынды.

Протоколдор төмөнкү беренелер боюнча түзүлдү:

150-берене. Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу: айып пул 1000сом;

293-берене. Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу: айып пул 13000сом;

134-берене 2б.Каттамдык такси же шаар аралык же болбосо эл аралык ташуулар режиминде иштегендердин транспорт каражаттары менен ташылуучу адамдардын санына карата талаптарды айдоочунун бузуусу же ташуу келишими же болбосо каттамдын паспорту болбогондо: айып пул 3000сом;

134-берене 5б. Айдоочунун жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелеринин ар бир смена сайын рейске чыгар алдындагы медициналык кароодон өтүү же рейске чыгар алдындагы транспорт каражаттарынын техникалык абалын контролдон өткөрүү бөлүгүндөгү эрежелерди бузуусу : айып пул 5500сом.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, үйдө болуңуздар! Бет кап кийип, антисептик колдонуңуздар! Автобус, троллейбуста жүрүүдө «Тулпар» картасын колдонуңуздар!

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек –сүйүктүү шаарым!