Калаада эпидемиологиялык абал курч бойдон калып, медиктерге, анын ичинде тез жардам кызматына күч келип жатат.

Өткөн суткада тез жардам кызматына (103) 1 миң 264 чалуу болгон. Анын ичинен 371 кайрылуу катталып, 245 кеңеш берилди.

Шаар тургундарынын кайрылуулары боюнча 336 сапар жасалып, 88 адам ооруканага жаткырылды. 29 адамдан пневмания, 4 адамдан  ковид-19 оорулары аныкталып, алардын ичинен 15 адам ооруканага жаткырылды.

Шаардыктарды 34 адамдан турган медиктердин тобу куткарып жатышат.

Медициналык тез жардам борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметовдун айтуусу боюнча, кайрылуулардын саны 4 эсе азайды. Июль айында чалуулар күнүнө 5миңге чыгып жаткан.

Бирок, ооруну толук жеңдик деп айтууга эрте. Биз баарыбыз күчүбүздү бириктирип, ковид-19 менен күрөшүүнү улантып жатабыз. Колдоолор бардык жактан келип жатат.

«Акнет» телекоммуникациялык компаниясы 103 медициналык тез жардам кызматына жаңы, бардык жабдуулар менен жабдылган тез жардам унаасын жана КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигине он кычкылтек концентраторун тапшырды.

Бишкек шаарынын мэриясы «Акнет» компаниясына пандемия учурунда көрсөткөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирет.

Урматтуу шаардыктар! Үйдө болуңуздар! Жеке гигиенаны жана аралыкты сактаңыздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!