Урматтуу шаардыктар! 10-августтан тартып футбол, гандбол, баскетбол, теннис, анын ичинде стол тенниси, бейсбол, бадминтон, гольф, башкача айтканда спорттун бардык түрлөрү менен машыгып баштаса болот. Бирок, санитардык нормаларды жана эрежелерди катуу сактоо менен.

Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду.

Калган убактылуу чектөөлөр күчүндө калат. Көчөлөрдөгү соода сатыктар жана кызматтардын (батут, велосипед жана башкарларды ижарага берүү), тойкана жана көңүл ачуучу борборлордун (түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар жана башка), балдар оюн аянтчаларынын жана оюн-зоок борборлорунун иштөөсүнө тыюу салынган.

Аталган чектөөлөр Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин киргизилген.

Урматтуу шаардыктар! Үйдө болуңуздар! Муктаждык болбосо сыртка чыкпаңыздар! Тартип жана жоопкерчилик гана ооруну жеңгенге жардам берет. Вирус Бишкекте жана ал кооптуу…

Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды оорудан сактаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!

Распоряжение.pdf