Биз шаардык кызматтарды санариптештирүү боюнча иштерди улантып жатабыз. Мэриянын Муниципалдык мүлк башкармалыгы ишин толугу менен электрондук форматка өткөрүп жатат. Эми муниципалдык мүлктү берүү электрондук аукцион аркылуу гана жүргүзүлөт.

Биз шаардыктарды, ишкерлерди онлайн режиминде өткөн аукционго катышууга чакырабыз. Сиз мүлктү коррупциялык тобокелчиликсиз толугу менен ижарага ала аласыз.

Алгачкы 38 объект электрондук соода аянтына https://etp.okmot.kg/ сайтына жайгаштырылды, аукцион 30 күндүн кийин өткөрүлөт.

Аталган платформа Мамлекеттик мүлк башкармалыгы боюнча фондунда дагы иштеп келет.

Эскерте кетсек, жер реформасынын алкагында жер жана муниципалдык жайларды электрондук аукцион аркылуу ижарага берүү тартиби так жөнгө салынган, бул бүт иштерди ачык жана так көрсөтүп, шаардын киреше бөлүгүн көбөйтөт.

Толук маалымат жана кеңеш үчүн байланыш телефону: 61-49-59, 61-40-79

Бишкек-сүйүктүү шаарым!