Эртең менен эрте социалдык саясат боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева Ленин районунун №2 поликлинкасына жашыруун бейтап болуп барды.

ММКларда аталган үй-бүлөлүк медициналык борборунун лабораториялык жана дарылоо бөлмөлөрүндө чоң кезектер жаралып, дарыгерлердин ишине нааразычылыктар келип жаткандыгы боюнча маалыматтар чыккан.  

Бүгүн эртең менен үй-бүлөлүк медицина борборунун алдында кезекте тургандар аз. Дарыгерлердин бөлмөлөрүнүн алдында бир нече адам күтүп турушат, бардыгы бет кап менен, аралык сакталган. №2 ҮМБ директорунун орун басары Саадат Уралиеванын  ишке кечигип келгендиги боюнча, ал күнү анын  себептери болгон. Аталган борбордун башкы дарыгери Жыргал Касымалиев ковид-19 дарылоодон кийин реабилитацияда, борбордо 200гө жакын медицина кызматкерлери иштешет, алардын ичинен 60 кызматкер  коронавирустук инфекциясы менен ооруп сакайды, учурда акырындык менен ишке чыга башташты.

№2 ҮМБ директорунун орун басары Саадат Уралиева клиникалык лабораторияга жана дарылоо бөлмөлөрүнө узак кезек болгон учур бир жолу катталганын билдирди. Калган күндөрү орто эсеп менен 30-50 адам кайрылат.

Вице-мэр В.Мозгачева шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн поликлинканын иштерин санарип форматка өткөрүүдө жардам көрсөтөрүн билдирди.

Дарыгерге онлайн жазылуу registratura.med.kg. порталында жүргүзүлөт. Системага бардык шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлору кошулган. Программаны киргизгенден бери портал аркылуу дарыгерлерге 75 миң 574 шаар тургуну жазылган. Дарыгерге онлайн жазылуу үчүн бир нече жөнөкөй кадамдарды толтуруу керек:

1-кадам.

registratura.med.kg порталына кирүү;

Идентификациялык жеке номер номерин киргизүү (паспорттогу 14 сандан турган  идентификациялык жеке номер);  

Телефон номерин киргизүү.

2-кадам.

Дарыгерди тандаңыз

3-кадам.

Күнүн жана убактысын тандаңыз

Кирүүнү ырастаңыз

Дарыгерге кирүү үчүн үй-бүлөлүк медицина борборлоруна же өзүңүздүн дарыгериңизге дагы чалсаңыз болот.

Сураныч, үйдө болуңуздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!