Шаардык кызматтар, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү социалдык тармактарда шаар тургундарынын кайрылууларына жана арыздарына мониторинг жүргүзүп турат.

Шаардык транспорт башкармалыгына шаар тургунунан №258 маршруттун айдоочусу санитардык нормаларды сактабай, көп жүргүнчүлөрдү алып жаткан видео кайрылуу келип түшкөн.

Башкармалыктын башчысы Сатыбалды Хакимов дароо кызматтык иликтөө жүргүзүп, №258 маршуттук каттамды тейлеген  «Байзак Аска» компаниясынын директорун жолугушууга чакырды.

Транспорттук компанияга тез арада санитардык нормалардагы жана жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелериндеги бузууларды жоюу, ар бир айдоочуга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Урматтуу жүргүнчүлөр! Сиздерге кайрылууларыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин жардамыңыздар менен шаарыбызды жакшырта алабыз. Эгерде шаардык транспортто ковид-19 карата сактык чаралары бузулгандыгына күбө болсоңуздар, сүрөт жана видеофактыларды төмөнкү номерлерге жиберсеңиздер болот:

Шаардык транспорт башкармалыгы (маршрут): 0550 143 637;

Автобустарды тейлеген Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы: 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;

Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700 411 905;

Тулпар: 582000, почта: feedback@tulpar-card.kg

Сураныч! Санитардык талаптарды сактаңыздар: бет кап кийиңиздер, антисептик колдонуңуздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!