Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы пандемия шартында санитардык нормаларды бузгандар менен күрөшүүнү улантууда.

Жакында Ленин районунун СЭИ инспекторлору ковид-19 коопсуздук эрежесин бузгандарды аныктады. Гагарин көчөсү,  104 дарегиндеги «Алтынай» ресторанында массалык иш-чаралардын, тойлордун жана үй-бүлөлүк майрамдардын өткөрүүгө тыюу салынганына карабастан той өткөрүлүп жаткандыгы аныкталды. Ресторандын администрациясына КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүлдү.

Ушул эле берене боюнча "Сары-Өзөн" жана  Guzel Grand Hall, «Сары-Челек» ресторандарынын администрацияларына протокол түзүлдү. Аталган жайларда «куран окутуу», ошондой эле, «Сары-Челек» ресторанында «кыз узатуу» иш-чаралары өткөрүлгөн.

Чүй проспектиси жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Бир Эки», «Лагман», «Фрешбокс» тез тамактануу жайларында дагы санитардык нормалар бузулду. Аларга карата протоколдор түзүлдү.

Бардык бузуучулар протоколдор менен макул болуп, аларга 2-категориядагы айып пул салынды.

Санитардык рейддер дагы улантыла берилет.

Урматтуу ишкерлер! Санитардык талаптарды сактаңыздар, бул вирус менен күрөшүүнүн жалгыз жолу! Адам өмүрү менен ойнобоңуздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясы дайыма байланышта: 0 705 564 756.

Биринчи май району: 0555 404 818;

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0 500 210 470;

Ленин району: 0500 085 580.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!