Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери пандемия шарттарында мыйзамсыз орнотулган объектилерди түрттүрүү иштерин улантууда.

Бул жолу П.Лумумба жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишиндеги ташталган 40 тонналык контейнер алынды.

Элебесов көчөсү, 316 дарегиндеги «Той-Ордо» кафесинин мыйзамсыз тургузулган дубалы түрттүрүлдү.

Ошондой эле, Чүй проспектиси, Шопоков, Токтогул жана Гоголь көчөлөрүндөгү бал муздак, муздак суусундуктарды саткан түйүндөр, күркө жана киосктор, жалпысынан 12 объект алынып салынды.

Табышалиев көчөсү, 16 үйүнүн кошумча курулушу алынып, 35 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Аталган үйдүн кожоюндарында тиешелүү уруксат документтери болгон эмес.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактооңуздарды абдан өтүнөбүз!

Эгерде сиздер туура эмес жерге же мыйзамсыз орнотулган объектилерди көрсөңүздөр 975122 номерине чалыңыздар.

Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/

Instagram: @uzs.bishkek

Twitter: @uzsmeriakg

Биз дайыма байланыштабыз. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Бет кап кийип, колуңуздарды жууганды унутпаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!