Мэриянын Эл аралык кызматташуу жана протокол бөлүмүнүн башчысы Беккул Джекшенкулов ишке киришип, Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын «Жергиликтүү деңгээлде экономикалык-финансылык сиситемаларды калыбына келтирүү жана коронавирус учурунда туруктуулукту жогорулатуу» долбоорунун алкагында шаардын туруктуулугу боюнча онлайн-семинарга катышты.

Пандемия кесепеттеринен шаар экономикасын калыбына келтирүү тууралуу Барселона, Харьков, Субанг-Джая, Вена жана башка шаарлардын өкүлдөрү, ошондой эле БУУнун агенттиктеринин өкүлдөрү талкуулашты.

Б. Джекшенкулов семинардын катышуучуларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шаардын экономикасын калыбына келтирүү боюнча аткарып жаткан иштери тууралуу айтып берди.

Долбоорду ишке ашыруу  2020 - 2021-жылдарга пландалган жана долбоор толугу менен БУУнун өнүктүрүү программасы жана БУУнун башка агенттиктери тарабынан каржыланат.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!