Мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүндө кайрадан кадрдык өзгөрүүлөр болду.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын башчысы Дюшембиев Бакытбек Осмонович жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Мэриянын командасында ал 10 жыл иштеп, көп жыл шаар куруу тармагын тейлеген вице-мэрдин кызматын аркалаган.

Бишкек шаарынын мэриясы Бакыт Осмоновичке шаар үчүн кылган кызматы жана ак ниет эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдирет. Сизге бекем ден соолук жана чоң ийгиликтерди каалайбыз!

«Бишкексууканал» башкармалыгынын башчысынын милдети Сейдалиев Мурадин Авасовичке жүктөлдү. Ал эми башкармалыктын башчысынын орун басары болуп Жумабаев Марат Эсенбекович дайындалды. Ал буга чейин «Бишкекнабайкана» муниципалдык ишканасын жетектеп келген.

Шаардык набайкананы Бишкек аза кызматын көрсөтүү агенттигинин мурдагы башчысы Алиев Аскербек Тукешович жетектейт.

Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!