15 жыл мурун Бишкек шаарынын мэриясы Васильев көчөсү, 95 дарегиндеги  жалпы аянты 152,2 чарчы метр имаратты 100% жеңилдетилген негизде «Оберег» калыбына келтирүү борборуна берген.

2016-жылы борборго Асанбай кичи району Г.Айтиев көчөсү 2/1 дарегиндеги мурдагы бала бакчанын имараты бөлүнгөн. Анын жалпы аянты 634 чарчы метрди түзүп, акысыз, мурдагы имаратты муниципалитетке кайтарып берүү шарты менен берилген.

2016-жылдан бери «Оберег» калыбына келтирүү борборунда эки имарат иштеп жаткан.

Муниципалдык мүлк башкармалыгында имарат берүү боюнча кайрылуулар көп болуп, жеңилдетилген шартта имарат алууга 23 жеке жана юридикалык жактар кезекте турган.

Азыркы учурда калаадагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу Васильев көчөсү, 95 дарегиндеги борбордун имараты балдарды кабыл албай, бош турат.

Ковид-19 менен күрөшүүдө акимиаттардын, шаардык кызматтардын жана МАБдардын кызматкерлери  шаардыктардын санитардык коопсуздугун камсыздоо үчүн күнү-түнү иштеп жатышат. Тилекке каршы, №13 МАБдын кызматкерлери темир контейнерде иштөөгө мажбур.

Жакынкы конуштардагы миңдеген адамдардар балдары менен жардамга муктаж болуп, учурда медициналык жана билим берүү кызматтарын алуу үчүн каттоодон өтүп, кышка карата даярдыктар үчүн жардам жана жөлөк пул алууга документтерди жоболоштурушууда.

Өндүрүштүк муктаждыкка байланыштуу муниципалдык менчик комиссиясында Васильев көчөсү, 95 дарегиндеги имаратты  №13 МТУга берүү жөнүндө жамааттык чечим кабыл алынды.

«Оберег» реаблитациялык борбору өз ишин Г.Айтиев көчөсү 2/1 дарегинде улантууда.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!