Урматтуу шаардыктар! Калаада эпидемиологиялык абал бир аз турукташып, шаар тургундары сакая баштады.

Кечээ 6 стационарга медициналык жардам үчүн 150 шаар тургуну кайрылды. Ал эми “Бишкекнабайкана” ишканасынын базасында ачылган күнү-түнү иштеген стационарга 174 адам кайрылган.

Стационарлар ачылган күндөн тартып 100 миңден ашык адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Кайрылуулардын азайгандыгына байланыштуу, эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы  шаардык өзгөчө комиссиясы дагы төрт стационардын ишин токтотуу чечимин кабыл алды.

Эртен, 18-августтан тартып күндүзгү стационарлардын иши токтотулат:

Жайыл Баатыр көчөсү, 66 дарегиндеги “Газпром” спорт комплекси;
“Чыгыш-5” кичи районундагы Мамбетов көчөсү, 21а дарегиндеги Р.Санатбаев атындагы спорт комплекси;
№68 мектеп-гимназиясы;
№96 орто мектеби.
Медициналык жабдуулар, керебеттер жана башка буюмдар дезинфекциядан өткөрүлүп, сакталып турат.

Шаардыктар Кожомкул атындагы спорт сарайындагы күндүзгү стационарды жана 12-кичи районундагы “Бишкекнабайкана” муниципалдык ишканасындагы күнү-түнү иштеген стационарды колдоону улантып жатышат.

Азыр биз күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүп, каталардын үстүнөн иштеп, шаардык поликлиникалардын жана дарылоо жайларынын иштерин оптималдаштыруу, адам ресурстарын үнөмдөө ыкмасын кароо иштерин жүргүзүп жатабыз. Бишкектин поликлиникаларында 2 миң 247 медицина кызматкери иштейт. Алардын көпчүлүгү март айынан тартып кызыл зонада адамдардын өмүрүн сактап иштешти жана  ковид-19 менен ооруп айыгышты.

Биз адамдарды дарылоодо жардам берген жана медиктерге колдоо көрсөткөн ар бириңиздерге ыраазычылык билдиребиз.  Жардам жана колдооңуздар үчүн чоң рахмат. Биз бирге болсок, жеңилбейбиз.

Урматтуу шаар тургундары! Калаада эпидемиологиялык абал турукташып келе жатат. Бирок баарын жеңдик деп айтууга дагы эрте. Өзүңүздөрдү жакшы караңыздар. Өз алдынча дарыланбаңыздар. Дарыгердин көрсөтмөсү жок антибиотиктерди жана башка дарыларды ичпеңиздер. Сиздер күнү-түнү медициналык кеңешти 118 колл-борборунан алсаңыздар болот. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!