Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында вице-мэр Азиз Алыкуловдун, "Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары" муниципалдык ишканасынын башчысы Вахтанг Алакуловдун жана Жер ресурстар башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулунун катышуусунда шаардын токтотмолору жана унаа туруктары аталышта онлайн-брифинг өткөрүлдү.

Брифингде  токтотмолордун азыркы абалы, көйгөйлүү жерлер, алдыдагы пландар талкууланып, социалдык тармактардын колдонуучуларынан жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн  келген суроолорго жооптор берилди.

Шаардагы көйгөйлүү жерлердин бири бул Шопоков көчөсүндөгү Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү, «ЦУМ», «ГУМ» соода борборлорунун жанындагы токтотмолор. Аталган токтотмолордогу көйгөйлөр жөнүндө  көп жолу шаар тургундарынын кайрылуулар келип түшкөн.

"Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары" муниципалдык ишканасынын башчысы Вахтанг Алакулов аталган токтотмо 2016-жылы «Паркинг Кейджи» компаниясына мамлекеттик-жеке өнөктөштүк сынамык долбоорунун алкагында 2 миллион 350 миң сомго 5 жылга ижарага берилгендигин белгиледи. Буга байланыштуу токтотмолордун иштөөсүн уюштуруу, бааларын коюу иштерин компания жүргүзөт.

Жер ресурстар башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу ижарачы келишим боюнча бардык милдеттерди аткарбагандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, өткөн жылы токтотмолорду жана унаа туруктарын өнүктүрүү үчүн бөлүмдү ишке киргиздик. Бул убакытка чейин 14 токтотмо жана 14 унаа туруктары түзүлдү жана уюштурулду. Жалпысынан 2030 унаа токтотуу орунду түзөт. Шаардык бюджетке 15 миллион сомдой каражат түшкөн.

Учурда транспорт жана жер кызматтары  унаа токтотуу жайларындагы башаламандык менен күрөшүүдө жана жаңы унаа токтотуу жайларын уюштуруу менен 8 миң орунга чейин көбөйтүү күтүлүүдө. Жакынкы арада  Ибраимов көчөсүнө «Электрондук токтотмо» сынамык долбоору ишке киргизилет. Анда базарлардын, соода борборлорунун жана жолдордун жанындагы унаа токтотуу акысы убакытка жараша эсептөө үчүн убакыт системалары орнотулуп,  видеобайкоо камералары аркылуу көзөмөлдөнөт.

Урматтуу шаардыктар, айдоочулар! Учурда муниципалдык унаа токтотмолоруна расмий жана бирдиктүү баасы  25 сомду түзөт.  Муниципалдык токтотмолордун жана унаа туруктарынын тизмеси бул жерде.

Муниципалдык токтотмо экендигин кантип аныктаса болот?

Биринчиден, муниципалдык токтотмого тиешелүү бул жол белгилери. Белгилей кетсек,  учурда жогоруда көрсөтүлгөн даректерге белгилерди орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Экинчиден, биздин операторлор «Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары» муниципалдык ишканасынын логотиби менен кызыл сары түстөгү атайын жилет кийип, атайын бейджиктерди тагынып жүрүшөт жана милдеттүү түрдө төлөгөндүгү тууралуу мөөр басылган талон беришет. Канча убакытка токтоткондугуна карабастан бирдиктүү тариф 25 сомду түзөт.

«Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары» муниципалдык ишканасынын иштерине байланышкан көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеофактыларын 0555760966, 547967 номерине жиберсеңиздер болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!