Бишкек шаарынын мэриясы калаа тургундарынын социалдык тармактардагы кайрылууларына жана арыздарына ар дайыма мониторинг жүргүзүп келет.

Кечээ, "Бишкек бүгүн" Telegram-каналынын колдонуучусу Ч. Айтматовдун атындагы сейил багындагы Иманалы Айдарбековдун эстелигинин жазуусу жабыркады деген маалымат калтырган.

Жерине ыкчам түрдө «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери барып, тамгаларды иретке келтирип, жазууну оңдоп келишти.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы дайыма байланышта! Сиз муниципалитеттин Call-борборуна күнү-түнү кайрылсаңыз болот. Байланыш номурлары: 1840 жана 1850, ал эми сүрөтү менен көйгөйлөрдү 0554 182-185 номуруна жөнөтүңүз.

Ыкчам иштөө үчүн биз бардык соцтармактарда барбыз:

Facebook: МЭРИЯ города Бишкек (https://www.facebook.com/312Bishkek);

Instagram: @meria_bishkek;

Twitter: @bishkekcityhall;

Өзүңүздү жана жакындарыңызды сактаңыз!
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!