Шаарды көрктөндүрүү жана инфраструктураны жакшыртуу  иштери улантылууда. «Калыс-Ордо» жаңы конушунун Калыс-Ордо 20 жана 101 көчөлөрүнө 33 түркүк жана электр өткөргүч чубалгыларын (ЛЭП-04кВ) орнотуу башталды.

Тармактын узундугу 910 метрди түзөт, бул 36 үйдү электр энергиясы менен камсыздаган  негизги линияга туташтырылат.

Курулуш-монтаждык иштерин мэриянын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын тапшырыгы менен  "Бишкекэлектро" бөдрөтчү компаниясы аткарууда. Иштер бүткөрүлгөндөн  кийин ал Батыш РЭК эксплуатациялоочу уюмдун балансына өткөрүлүп берилет.

Келишим боюнча   иштер ушул жылдын күз айларында бүткөрүлөт.

Курулуш иштери 1 миллион 434 миң 98 сомду түзүп, шаардык бюджет тарабынан каржыланат.

Бишкек-сүйүктүү   шаарыбыз!