Жакында №54 мектептин окуучуларынын ата-энелери аталган мектептин  фондуна каражат чогултуу фактылары боюнча ММКларга кайрылышкан.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын адистери дароо иликтөө иштерин жүргүзгөн.  "Директордун тамак-ашына жана башка чыгымдарга" деп мыйзамсыз каражат чогултуп жаткан мугалим жумуштан бошотулду. Ал эми мектептин директору И. А. Борисовага Билим берүү башкармалыгынын 2019-жылдын 10-октябрындагы №710   "Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзамынын негизинде сөгүш жарыяланды.

 Ошондой эле №54 мектептин директору И.А. Борисованын ээлеген кызматына ылайыктуулугу тууралуу маселе каралат. 

 Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!