Жакында саясий партиялардын бири өткөргөн съездде «Бишкекжашылчарба» ишканасынын кызматкерлери өстүрүп келген жашыл аймак бузулду.

Иш-чаранын уюштуруучулары “Сан Маркетинг” компаниясы  шаардын борборуна жабдууларын,  LED-экрандарын көк майсандын үстүнө, айрым жабдууларын мемориалдык комплекстердин жанына орнотушкан.

Биринчи май району боюнча Санитардык-экологиялык инспекциясы көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактысын аныктап,  «Бузуулар жөнүндө» кодексинин №120 беренеси боюнча протокол түзүлдү. Бузуучуларга 13 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынды.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч! Жашыл жерлерге, шаардын мүлктөрүнө аяр мамиле кылыңыздар. Өзүңүздөргө, жакындарыңыздарга жана шаарыбызга кам көрүңүздөр!

Санитардык-экологиялык инспекциясы дайыма  байланышта: 0 705 564 756.

Биринчи май району: 0555 404 818;

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0 500 210 470;

Ленин району: 0500 085 580.

Бишкек – сүйүктүү укуктуу шаарыбыз!