Бишкек шаарынын мэриясы борборду санариптештирүүгө багыт алды. Кезек Ленин районунда.

Пандемия башталганга чейин шаардык кызматтар, райондук акимиаттар Ош базарынын айланасынын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча план иштеп чыгышкан. Шаардыктардын коопсуздугу үчүн Ленин районунун ички иштер башкармалыгы базардын аймагына 10 тышкы көзөмөл видеокамераларын орнотту. Анын ичинен үчөө айланма, калган жетөө кадимки камера. Бул участокто  кылмыш иштери көп катталат.

Мониторинг үчүн коомдук пункт К.Акиев көчөсү, 85 (ГОМ) дарегинде жайгаштырылып, 4 компьютер орнотулган.

Учурда Кулиев көчөсү жана Чүй проспектиси, Кулиев жана Пушкин көчөлөрү, Павлов көчөсү жана Чүй проспектиси, Бейшеналиева көчөсү жана Чүй проспектиси, К.Бобулов жана Пушкин көчөлөрү, Токтогул жана Бейшеналиева көчөлөрү, Кулиев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиштерине, Чүй проспектисиндеги (“Беш -Сарынын” батыш тарабы) аялдамага кошумча видео көзөмөл камераларын орнотуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Ю.Фучик атындагы сейил багына 22 видеокөзөмөл камера орнотулду. Башкаруу пульту жана мониторинг борбору Фучик көчөсү, 18 дарегиндеги №1 милициянын участкалык пунктунда жайгашкан. Камералар иштеп жатат. Учурда аталган камераларды Ички иштер министрлигинин командалык борборуна туташтыруу маселелери каралууда.

“Коопсуз кичи район” долбоорун ишке ашыруу боюнча иштер улантылууда. “Жал” кичи районуна 52 тышкы видеокөзөмөл камералары орнотулуп, учурда иштеп жатат.

Эскерте кетсек, “Коопсуз шаар” программасынын I жана II этаптарын ишке ашыруунун алкагында райондун 17 кесилишине көзөмөл камералары орнотулат:

1. Д. Сяопин пр. –Алыкулов көч;

2. Д.Сяопин пр. – Садыгалиев көч;

3. Чүй пр. –Фучик көч;

4. Чүй пр. –Павлов көч;

5. Чүй пр. –Бейшеналиева көч;

6. Чүй пр. – Жаш Гвардия бульвары;

7. Чүй пр. –Манас пр.;

8. Манас пр. – Бөкөнбаев көч;

9. Манас пр. – жер астынан жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк;

10. Ч. Айтматов пр. –Горький көч;

11. Ч. Айтматов пр. –Ахунбаев көч;

12. Ч. Айтматов пр. – Масалиев көч;

13. Ч. Айтматов пр. –  Северная көч;

14. Ахунбаев көч-  Тыналиев көч;

15. Жаш Гвардия бульвары – Л. Толстой көч;

16. Л. Толстой көч. – Бакаев көч;

17. Гагарин көч. –  Алыкулов көч.

Бишкек –сүйүктүү коопсуз шаар!