Урматтуу шаардыктар! Өзгөчө кырдаал шарттарында экономикалык туруктуулукту камсыздоо үчүн, 20-августтан баштап айрым чарба субъектилеринин, ошондой эле коомдук транспорттун иштөө режими өзгөртүлдү.

Эми шаардык транспорт (автобус, троллейбус, маршрут) дем алыш жана майрам күндөрү дагы иштей баштайт. Иштөө режими саат 7:00дөн 11:00гө чейин жана 14:00дөн 23:00гө чейин. Санитардык тыныгуу саат 11:00дөн 14:00гө чейин. Бул убакытта транспорттор дезинфекцияланып, жуулуп тазаланышы керек.

Кафе жана ресторандар, ошондой эле коомдук тамактануу жайлары саат 7:00дөн 24:00гө чейин иштейт, ал эми тамак жеткирүү кызматтарынын ишине чектөөлөр киргизилген жок. Ар бир тамактануу жайы санитардык нормаларды катуу сактоолору зарыл.

Соода үйлөрү, борборлору, комплекстери, дүкөндөр түйүнү, супермаркеттер күн сайын саат 7:00дөн 00:00гө чейин иштейт.

Сейил бактарга, гүл бактарга, бульварларга баруудагы убактылуу чектөөлөр алынды, ошондой эле велосипед ижарага берүүгө уруксат берилди.

Эскерте кетсек, тойканалардын жана көңүл ачуучу борборлордун (түнкү клубдар, барлар, караоке клубдар, кинотеатрлар, интернет клубдар жана башка); балдар оюн аянтчаларынын жана оюн-зоок аянтчаларынын ишине киргизилген чектөөлөр күчүндө калды.

Чектөөлөр  Бишкек шаарынын аймагында эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин иштейт.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Сак болуңуздар! Эпидемиологиялык абал бир аз турукташып калды, бирок жеңдик деп айтууга дагы эрте. Санитардык эрежелерди унутпаңыздар, бет кап кийип, аралыкты сактаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!