Бишкек шаарынын мэриясы шаардык кызматтардын ишин санариптештирүүнү улантууда. Санарип реформа шаардык кызматтардын ишин ачык-айкын көрсөтүп, жеткиликтүү болуп, коррупцияны азайтат.

Шаардык кызматтарды санариптештирүү боюнча онлайн-брифингде мэриянын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Нурдин Тынаев отчет берди.

Муниципалдык мүлк башкармалыгы –бул Бишкек шаарындагы муниципалдык менчик объектилерин  жана жер тилкелерин башкарган бөлүм.

Азыркы учурда башкармалыктын ишин санариптештирүү кызуу жүргүзүлүүдө. Бардык муниципалдык объектилер тууралуу толук маалымат жайгаштырылган автоматташтырылган маалыматтык система ишке киргизилди.

26-августка карата бирдиктүү реестрге 2 миң 971 объект киргизилди, анын ичинен 622 си мэриянын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө, 94- коомдук уюмдарга жеңилдик менен колдонууга, 200 объект ижарага берилген. Калгандарын аялдама комплекстери жана турак фонддору түзөт.

Муниципалдык мүлктү ижарага алуу https://etp.okmot.kg/! сайты аркылуу электрондук аукцион аркылуу жүргүзүлөт. Алгачкы 38 объект: төлөмдөрдү кабыл алуу пунктары, төлөө терминалдары, кичи футбол аянтчалары жана башкараларды орнотуу үчүн чакан жерлер  электрондук соода аянтчасына жайгаштырылган. Кийинчирээк дагы ири объектилер жайгаштырылат.

Сураныч! Тааныштарды жана досторду издебеңиздер! Коорупцияга жол жок! Онлайн-аукциондорго катышуу үчүн толук маалыматты жана кеңешти 61-49-59, 61-40-79 номерлери аркылуу байланышсаңыздар болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!