Шаардык мэрия шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн санитардык нормаларды бузгандар менен күрөшүүнү улантууда.

Кезектеги текшерүүдө «Кайнар» ресторанында көп адамдардын катышуусунда куран окутулуп жаткандыгы аныкталды. Албетте иш-чара санитардык эрежелер сакталбастан өткөрүлүп жаткан.

Октябрь районунун башчысы Азамат Дороев жана райондук администрациянын кызматкерлери Санитардык-экологиялык инспекциясынын жана МАБ кызматкерлери менен биргеликте массалык иш-чара өткөрүлүп жатканда күтүлбөгөн жерден кирип барышты.

СЭИ «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түздү.

Урматтуу ишкерлер! Адам өмүрлөрү менен ойнобоңуздар! Вирус Бишкекте жана ал коркунучтуу! Өндүрүштү көзөмөлдөө жана санитардык талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчилик жетекчилерге жүктөлгөн.

Кардарларыңыздар жана кызматкерлериңиздер үчүн коопсуз иштөө шарттарын түзүңүздөр. Санитардык нормалар, гигиена, антисептиктер жана аралыкты сактоо вирус менен күрөшүүдө жардам берет.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, конокко, мааракелерге жана куран окутуу иш-чараларына барбаңыздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!