Урматтуу шаардыктар! Калаада эпидемиологиялык абал бир аз турукташып, шаар тургундары сакая баштады. Биздин дарыгерлер дагы сакайып, ооруканаларда орундар жана эң керектүү дары-дармектер бар. Бүгүн К.Кожомкул атындагы спорт сарайында ачылган күндүзгү стационардан акыркы бейтаптар айыгып, аларды үйлөрүнө узатып жатабыз. Аталган күндүзгү стационардын иши эртеңден баштап токтотулат.

Медициналык жабдуулар, керебеттер жана башка медициналык буюмдар сакталып, баардыгы дезинфекциядан өткөрүлдү.

Бүгүнкү күнгө чейин күндүзгү, түнкү жана күнү-түнү иштеген стационарларга медициналык жардам үчүн 106 миң 222 адам кайрылды. Шаар тургундарынын саламаттыгы үчүн үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлери, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар иштеп, адам өмүрүн сактап жатышты. Акыркы күндөрү шаардыктарга 7 адам: 1 дарыгер, 2 медайым жана 4 санитар медициналык жардам көрсөтүштү.

Азыр биз күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүп, каталардын үстүнөн иштеп, шаардык поликлиникалардын жана дарылоо жайларынын иштерин оптималдаштыруу, адам ресурстарын үнөмдөө ыкмасын кароо иштерин жүргүзүп жатабыз.

Биз адамдардын өмүрүн сактоодо жардам көрсөткөн жана медицина кызматкерлеринин ишин колдогон ар бир адамга терең ыраазычылык билдиребиз. Колдоо жана жардам үчүн чоң рахмат! Биз бирге баарын жеңебиз!

Урматтуу шаар тургундары! Калаада эпидемиологиялык абал турукташып келе жатат. Бирок баарын жеңдик деп айтууга дагы эрте. Өзүңүздөрдү жакшы караңыздар. Өз алдынча дарыланбаңыздар. Дарыгердин көрсөтмөсү жок антибиотиктерди жана башка дарыларды ичпеңиздер. Сиздер күнү-түнү медициналык кеңешти 118 колл-борборунан алсаңыздар болот. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!