Пандемиянын биринчи күнүнөн тартып шаардык муниципалитет шаарды, шаар тургундарын коргоо боюнча иштерди баштады. 6-апрелде Бишкек шаарынын мэриясы КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы, «Сорос-Кыргызстан» фонду, «Медициналык билим берүүнү реформалоо» швецариялык долбоору жана «Кыргызтелеком» ААК менен биргеликте «Өзүн-өзү диагноздоо 118»  долбоорун ишке киргизишти.

«Медициналык билим берүүнү реформалоо» швецариялык долбоорунун эсебинен 118 кызматы улуттук деңгээлге чыгып, чалууларды кабыл алуучу борборлор ачылды.

Күнү-түнү 118 колл-борборунда клиникалык ординаторлор, өз ыктыяры менен келген дарыгерлер КРнын Саламттыкты сактоо министрлигинин алгоритми боюнча шаардыктарга акысыз медициналык кеңештерди беришти.

Бүгүнкү күнгө чейин 118 колл-борбору 179 миң 707 чалууну кабыл алды. Анын ичинен июль айында чалуулар көп болуп, 108 миң 54 чалууга жетти.

Бишкекте чалуулардын рекорддук саны июнь айында 42 миң 421 кайрылууга жеткен. Өлкө боюнча август айында 18 миң 776 кайрылуу катталды.

Колл-борбордун иштөөсүнө колдоо жана жардам көрсөткөн ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздерге чоң рахмат!

Урматтуу шаар тургундары! 118 колл-борбору медициналык кеңеш берүүнү штаттык режимде жүргүзүүдө.

Сураныч! Аралыкты сактаңыздар, колуңуздарды бат-баттан жууп, бет кап кийиңиздер! Вирус бар жана ал коркунучтуу.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!