Борбордо эпидемиологиялык жагдай бир аз турукташып келе жатат, шаардыктар айыгып жатышат, демек, медицина кызматкерлерине да кичине жеңилдиктер болууда.

Азыр биз күзгү-кышкы мезгилге даярдануудабыз, кемчиликтердин үстүндө комплекстүү иштерди өткөрүп жатабыз, шаардык бейтапканалар жана ооруканаларды оптималдаштырууну өткөрүүдөбүз.

Ленин районунун башчысы Ч.Чыныбаев Ленин районунун кызыл чекте иштеген ҮМБ медиктерин эс алуу үчүн Сары-Челек көлүнө эс алууга узатты.

Үч күндүк тур менен №1 ҮМБнун төрт медиги, №2 ҮМБнун 2 медиги, №11 ҮМБнун  2 медиги, №12 ҮМБнун 2 медиги, №13 ҮМБнун үч кызматкери жана №17 ҮМБнун 2  медиги эс алууга кетишти. Каржылык чыгымдарды Ленин райондук администрациясы жана«Эверест» эс алуу борбору каржылады.

Биздин дарыгерлерибизге көңүлдүү эс алууну жана күч кубат топтоп, аман-эсен келүүлөрүнкаалайбыз.

Бишкек- сүйүктүү шаарыбыз!