Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгын белгилөөгө даярдыктарды көрүүдө.

Жылдагыдай «Ала-Тоо» аянтынын «Илбирс» имаратынын сыртына майрамдык баннерлер илинип, жасалгалоо иштери жыйынтыкталды.

Чүй жана Манас проспектилери, Чүй проспектиси жана Абдрахманов көчөсүнүн, Манас проспектиси жана Ахунбаев көчөсүнүн кесилиштерине КАФтар орнотулду.

«Ала-Тоо» борбордук аянтын, агропром, улуттук филармониянын имараттарын ак-көк түстөгү желектер кооздойт, Манас проспектиси Жибек Жолу проспектисинен мамлекеттик резиденцияга чейин, Чүй проспектиси боюнча Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин ачык түстөгү желектер илинди.

31-августта аянтта медициналык тез жардам кызматынын унаасы жана бир  өрт өчүрүү унаасы болот. Коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында Бишкек шаарынын ИИББнын жеке курамы тартылган.

Жалпысынан шаардык жасалгалоо иштерине, иш-чараларга жана фейерверкке 2 миллион 700 миң сом каралган.

Бишкек шаарынын мэриясы кыргызстандыктарды келе жаткан Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт! Урматтуу шаардыктар! Сураныч, үйдө болуңуздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!