Шаар өз ишин улантууда. Биринчи май районунун акими Алибек Биримкулов райондук кызматтар менен кезектеги пландык жыйынын өткөрдү.

Жыйында райондогу турак-жай коммуналдык чарба көйгөйлөрү, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Аким Санитардык-экологиялык инспекциясынын райондук бөлүмүнө рейддик иш-чаралардын санын көбөйтүү, ошондой эле «Россия» бизнес-борборунун жанындагы жер тилкенин мыйзамдуулугун текшерүү, бузуулар аныкталган учурда дароо бузууларды четтетүү  тапшырмасы берилди.

«Тазалык» муниципалдык ишканасына Жибек Жолу проспектиси жана М.Ганди көчөсүнүн кесилишиндеги жер алдындагы арыкты тазалоо, ал эми  жер саясаты боюнча райондук кызматтарга райондун ичинде орнотулган жеңилдетилген типтеги объектилердин мыйзамдуулугун текшерүү тапшырылды.

Урматтуу шаардыктар! Бардык көйгөйлөр менен мэриянын колл-борборуна 1840 жана 1850 номери аркылуу кайрылсаңыздар болот. Ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун 0554 182185 номерине жибериңиздер.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!