Бул жылы пандемияга байланыштуу массалык иш-чаралар өткөрүлгөн жок. КРнын Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чара өткөрүлбөгөндүгүнө карабастан, шаар тургундары майрамдык салют көргөнү келишти.

Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, бир да бала жогологон жок жана башка укук бузуулар катталган жок.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таң аткандан түнгө чейин иштеп, жыйынтыгында  «Ала-Тоо» борбордук аянтынан эки тонна таштанды чыгарышты.

Таштанды чыгарууга «Тазалыктын» 24 кызматкери жана үч бирдик атайын техника тартылды.

Эскерте кетсек, өткөн жылы «Ала-Тоо» аянтында өткөрүлгөн концерттик программадан кийин 16 тонна таштанды чыгарылган.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, мэриянын басма-сөз кызматы