Урматтуу шаардыктар! Күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү, ошондой эле  суу түтүктөрүнүн жана өрт гидранттарынын тээктерин алмаштырууга байланыштуу, 2-сентябрда саат 10:00дөн 17:00гө чейин «Арча-Бешик» жаңы конушунда суу берүү токтотулат.

Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана алдын ала суу камдап алууларын өтүнөт.

Урматтуу шаардыктар! Суу менен камсыздоого байланышкан маселелер боюнча 1533 номерине чаосаңыздар болот.  Ошондой эле, мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 номерлери аркылуу кайрылууларды күнү-түнү кабыл алат. Ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун 0554 182-185 номерине жиберсеңиздер.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!