Калаа башчысы Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен жаңы конуштардын инфраструктурасын жакшыртуу, өнүктүрүү иштери улантылууда.

Мэриянын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы “Ала-Тоо” жаңы конушунун тургундары  жана райондук кызматтар менен биргеликте конуштагы үйлөрдү канализация тутуму менен камсыздоо үчүн канализациялык-насосотук станцияны долборлоо жана курууга жер тилкесин издөө боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Бир нече комиссиялык жыйындардын жыйынтыгында, КНС курулушу үчүн бош муниципалдык жер тилкеси табылган жок.

Кызыл-Тоо көчөсү,  26 дарегиндеги 495 чарчы метр, 5 сотых менчик жер тилкесин колдонууну кароо сунушу дагы түштү.

Жашоочулардын макулдугу менен КНС курулушуна жер тилкесинин наркын аныктай турган көз карандысыз эксперттин кызматын алууга конкурс өткөрүлдү. Азыркы учурда эксперт өзүнүн кортундусун даярдап жатат.  Конуштун  жашоочулары макул болушса, биз техникалык шарттарды алуу боюнча ишти баштайбыз, алардын негизгилеринин бири Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн корутундусу болот. Сиздерге маалымат берип турабыз, өзүңүздөргө кам көрүңүздөр, санитардык аралыкты сактаңыздар, бет кап кийиңиздер.

Бишкек-сүйуктүү шаарыбыз!