Жакында КРнын Президенти С.Ш.Жээнбеков «Бишкекнабайкана» муниципалдык ишканасынын директору Аскербек Алиевге «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын эмгек сиңирген кызматкери» ардактуу наамын ыйгарды.

Эскерте кетсек, Президент Эгемендүүлүк күнүнүн алдында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө”  жарлыгына кол койгон.

Шаардык муниципалитетте Аскербек Тукешович 11 жыл иштеп, ал Биринчи май районунун акими, Бишкек аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин директору болуп эмгектенген. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси класстык чени бар. Токтогул, Ала-Бука, Аксы райондорунун акими болуп иштеген.

Бишкек шаарынын мэриясы Аскербек Тукешовичти мамлекеттик сыйлыгы менен куттуктайт жана чоң ийгиликтерди каалайт.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!