Урматтуу «Рухий Мурас» жана «Алтын-Ордо» конушунун тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерден таштанды чыгарууга болгон карыздарыңыздарды төлөөнү суранат!

1-сентябрга карата таштандыга болгон карыз 958 миң 945 сомду түздү, анын ичинен «Рухий Мурас» конушу 340 жеке эсепке  399 миң 660 сом, «Алтын-Ордо» конушу 301 жеке эсепке 559 миң 285,77 сом карыз.

2017-жылдан бери таштандыга төлөбөгөндөр бар, эң көп карыз 8 миң 230 сомду түзөт. Жашоочулар таштандыга төлөшпөйт дагы, жуманын аягында таштандыларын сыртка чыгарып коюп, таштанды чыгарылбай жатат деп арызданышат…

Белгилей кетсек, аталган эки конушта таштандыларды «Комтранском» ЖЧКсы чыгарат, карыздарын төлөбөгөндүгүнө байланыштуу бул жумада компания таштандыны чыгарбайт.

Урматтуу шаардыктар! Таштанды чыгаруу үчүн төлөмдөрдү убагында  төлөңүздөр,  таштанды чыгаруунун тарифи бир адамга 22,5 сомду, ал эми пенсионерлерге 6 сомду түзөт.

Биз таштандыны күн сайын үзгүлтүксүз чыгарып жатабыз, айдоочулар, таштанды жүктөгөндөр, көчө шыпыргандар айлык-акыларын алышы керек…

Бишкек-сүйүктүү таза шаарыбыз!