Октябрь районунун башчысы Азамат Дороев №5 кичи районунун тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту.

Аким тургундар менен №12, №30 жана №32 үйлөрүнүн ортосундагы куурап калган бак-дарактарды санитардык бутоону талкуулап, «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасына тез арада куурап калган бактарды алууну тапшырды.

Шаар тургундары №32 үйдүн жанындагы балдар оюн аянтчасынын электр түйүндөрүнө  оңдоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин, айланасы ирээтке келтирилбей жаткандыгына нааразычылыктарын билдиришти.

Ал эми №30  үйдүн тургундары көп кабаттуу үйдүн чатыры оңдоого муктаж экенин айтышты.

Аким тиешелүү кызматтарга үйлөрдүн жана короолордун айланасын ирээтке келтирүүнү жана санитардык тазалыкты күчөтүүнү тапшырды.

Урматтуу шаардыктар! Бардык көйгөйлөр менен мэриянын колл-борборуна 1840 жана 1850 номери аркылуу кайрылсаңыздар болот. Ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун 0554 182185 номерине жибериңиздер. Октябрь районунун тургундары 0555 737574 номери аркылуу акимге түз байланышка чыга алышат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!