Шаардык кызматтар жылытуу мезгилине даярдыктарды көрүп, биринчи кезекте мектеп жана бала бакчаларда даярдашууда.

Калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева жалпы билим берүү уюмдарынын жылытуу мезгилине даярдыктарын текшерүүдө. Бүгүн №3 мектепти текшерди.

Аталган мектепте бул жылы тышкы жылуулук трассасын оңдоо каралган, эскерте кетсек, былтыр кышында бузулган жерди жамап, бирок эскиригине жеткен түтүктөрдү алмаштырган эмеспиз.

Адистер бузулган жерге акт жана сметалык эсеп түзүшкөн. Алардын эсеби боюнча оңдоо иштерине жана жылуулук түйүнүн алмаштырууга 1 миллион 81 миң сом кетет.

Вице-мэр В.Мозгачева тажрыйбалуу инженер жана “Бишкек жылуулукэнерго”коммуналдык ишканасынын мурдагы башчысы катары жылуулук түйүнүнүн абалын текшерип, сметанын наркы ашыра көрсөтүлгөнүн билдирди.

Райондук билим берүү борборуна, мектептин жетекчилигине жуманын аягына чейин мамкурулуш бекиткен баалардын негизинде кайрадан эсептеп чыгууну тапшырды.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!