Бишкек шаарынын мэриясы коомдук тартипти, санитардык талаптарды, ошондой эле шаардын борборундагы жана ири базарлардын жанындагы башаламан соода менен күрөшүүнү улантууда.

"Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ленин райондук администрациясынын жана Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Токтогул көчөсү боюнча Ош базарынын айланасын текшеришти.

Биз башаламан соодадан 85 токтотмо орундарын бошоттук, мыйзамсыз иштеп жаткан ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Санитардык рейддер дайыма жүргүзүлүп келет.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч! Жерде сатылып жаткан азыктарды албаңыздар, өзгөчө жай мезгилинде ал азыктар  адамдын ден соолугуна коркунуч келтирет. Гигиена жана аралыкты сактаңыздар!

Урматтуу ишкерлер! Санитардык эрежелерди катуу сактаңыздар! Адам өмүрү менен ойнобоңуздар!

"Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары" муниципалдык ишканасынын ишине тиешелүү сүрөт жана видео фактыларды 0552 812606, 0706 500043, 547967 номерлерине жиберсеңиздер болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!