Урматтуу шаардыктар! Гидрометборбордун билдирүүсү боюнча, калаада жакынкы сааттарда туруксуз аба-ырайы күтүлүүдө. Шамалдык соккон ылдамдыгы секундасына  15-20 метрди түзөт.

Сураныч, үйдө болуңуздар! Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды унааларын бактардын жана жеңилдетилген типтеги объектилердин алдына токтопоого чакырат.

Эгерде сиздер кулаган бак-дарактарды көрсөңүздөр, «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасына 0770 830006 номери аркылуу билдирип коюңуздар.

Абайлаңыздар! Өзүңүздөрдү жакшы караңыздар!

Кырсык болгон учурда 112 куткаруу кызматына, мэриянын 1840 жана 1850 ыкчам чараларды көрүү кызматына кайрылып, сүрөт, видеофактыларды 0554 -182-185 номерине жиберсеңиздер болот.

Бишкек-сүйүктүү коопсуз шаарыбыз!