Бишкекте жаңы окуу жылы башталып, бул жылы мектептин босогосун биринчи класстар гана аттады, калгандары аралыктан билим алышат.

Биз балдар арасында жол-транспорттук кырсыктарды азайтуу максатында, коомдук транспортторго “Абайлагыла, балдар”” жана “Көңүл бургула, балдар!” эскертүү баннерлерин илдик.

Баннерлер 56 автобуска, 37 троллейбуска жана маршруткаларга илинди. 1-сентябрдан тартып каттамга 99 автобус, 113 троллейбус жана 1000ден ашык маршрутка чыкты.

 Балдардын санитардык коопсуздугу үчүн “Тулпар” электрондук билеттөө системасы штаттык режимде иштеп жатат. 1-сентябрга карата окуучулар 6 миң жашыл картасын алышкан.

Эскерте кетсек, карта 50 сом турат, окуучулар үчүн бир айга 175 сомду түзөт. Жашыл картанын бир жолу алып, мектепти окуп бүткөнчө колдонууга болот.
Окуучунун “Тулпар” картасын сатып алуусу үчүн алгач мектептин директоруна кайрылуусу керек. Жеке жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери дагы “Тулпар” компаниясына расмий арыз жана окуучулардын тизмеси менен кайрылуулары зарыл.
Урматтуу ата-энелер! Эгерде сиздер мектепке жакын жашап, балдарыңыздар автобус жана троллейбуска түшпөсө, анда карта алуунун кажети жок.
Сүйүктүү шаардыктар! Сураныч, бет кап кийиңиздер, колуңуздарды антисептик менен тазалаңыздар. Накталай акча колдонуудан алыс болуңуздар, автобус жана троллейбуста “Тулпар” картасын колдонуңуздар. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Коомдук транспорттун иши боюнча суроолорго жооп берүүгө дайым даярбыз.

Шаардык транспорт башкармалыгы (маршруттар): 0550143637;

Автобусттардын ишин тейлеген Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы: 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;

Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905;

Тулпар: 582000, почта: feedback@tulpar-card.kg.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!