Урматтуу ата-энелер жана балдар! КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2020-жылдын 28-августундагы №277 маданият жана искусство чөйрөсүндөгү балдардын билим берүү мекемелеринин 2020-2021-окуу жылында иштөөсү жөнүндө буйругуна ылайык, шаардык искусство мектептери офлайн режиминде иштеп башташат, албетте бардык санитардык талаптарды сактоо менен.

Белгилей кетсек, Бишкекте 9 балдар искусство мектеби  жана бир балдар көркөм мектеби иштейт. Бул жерлерде балдарга жеке сабак өтүлүп, сабактарда эң көп 2-3 окуучу катышат.

Бардык имараттар КОВИД-19дан коргонуу каражаттары менен жабдылып, имараттын ичи желдетилип, дезинфекцияланып турат.

Эскерте кетсек, мурда ата-энелер, балдар жана мугалимдер мэрияга мектепте иштөөгө уруксат берүү боюнча кайрылышкан, себеби онлайн окутуулар чыгармачылыкка туура келбейт, экран аркылуу окутууларда аспаптардын үнү жакшы угулбай калгандыгын билдиришкен.

Урматтуу мугалимдер, балдар жана ата-энелер! Чыгармачылык бул жакшы, бирок абайлаңыздар, санитардык эрежелерди, аралыкты сактаңыздар. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!