Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы карызкорлор менен күрөшүүнү улантууда.

2011-жылы «СК ВЕК» компаниясына мэриянын 708-токтомунун негизинде Чокон Валиханов атындагы көчөсүнөн эки миң чарчы метр аянттагы жер тилкеси кафе уюштуруу үчүн 5 жылга ижарага берилип, келишим түзүлгөн.

Тилекке каршы, ижарачы ижара акысын төлөөдө үзгүлтүккө учураткан.

Көп жолку эскертүүдөн кийин ЖРБ Октябрь райондук сотуна «СК ВЕК» компаниясынан 1 миллион 869 миң карызды жана 467 миң 388,58 сом туумун өндүрүп берүү боюнча доо арызы менен кайрылган. Райондук сот шаардын пайдасына чечим чыгарып, доо арызды канааттандырды.

Эми соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин каражатты шаардык казынага кайтаруу процесси  сот иштерин жүргүзүү институту аркылуу жүргүзүлөт.

Ошондой эле, ижара укуктарын берүү боюнча кезектеги комиссияда «СК БЕК» компаниясы менен келишимди бузуу маселеси каралат.

Урматтуу ижарачы-ишкерлер!

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы сиздерден мыйзамдын чегинде иштөөңүздөрдү суранат. Ижара акысы убагында төлөнбөсө, башкармалык тарабынан тиешелүү чаралар көрүлөт.

Бишкек-сүйүктүү укуктуу шаарыбыз!