Мэриянын көчмө жыйындары абдан эффективдүү. Себеби көйгөйлөр жеринен чечилип, шаар тургундары дагы шаарды көрктөндүрүүгө катышат.

Бул жолу Октябрь районунун акими Азамат Дороев №4 кичи районун кыдырып, тургундардын көйгөйлөрүн укту.

Биз №17 А.С.Пушкин атындагы мектептин айланасына гүл бакча курууну пландап жатабыз. “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын адистери эскиздерин иштеп чыгышты.

Мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине долбоорлонгон жерге орнотулган тосмону алуу тапшырылды.

Ал эми “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасына ирригациялык түйүндөрдү калыбына келтирүү жана жерди түздөп даярдоо тапшырмасы берилди.

Урматтуу шаардыктар! Бардык көйгөйлөр менен мэриянын колл-борборуна 1840 жана 1850 номери аркылуу кайрылсаңыздар болот. Ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун 0554 182185 номерине жибериңиздер.

Октябрь районунун тургундары 0555 737574 номери аркылуу акимге түз байланышка чыга алышат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!